10 миң доллар. Транспорт жана жолдор министрлигинин эки өкүлү пара берүү фактысы менен кармалды

Пара берүү фактысы боюнча транспорт жана жолдор министринин орун басары менен автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Н.Ж. УКМКнын кызматкерлерине 10 миң доллар өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурунда кармалды.

"Министрдин орун басары автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин кызматкерлерине карата ачылган кылмыш ишин токтотуу максатында пара берген. Ошол эле күнү министрликтин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Б.А. пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар 328-берененин 3-бөлүмү (Пара берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылып жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Jaznura
2020-02-08 14:17:28
Паракорлор. Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы.
-10
Shabi
2020-02-08 14:49:48
Кочодон кармап сразу акчаны да кочого жайганы катуу экен.же даана Эл корсунбу.
-1
chake
2020-02-08 15:08:17
Ууру коррупционерлердин аягы үзүлбөй койду го эми түрмөдө чирийт го чиркин, молодцы УКМКа ууруларды кармай бергиле ушинтип
+3
Azatbek.Svoboda.
2020-02-08 15:20:42
Кечее жакында эле ушул эле транспорт жана жолдор министирин жардамчысы пара менен колго тушкондо Бир жепжутат транспорт жана жолдор министирин жумуштан кетип эле кал деген эле!Эми дагы кайталанды эми транспорт жана жолдор министири жумушунан кетет бекен?!Кетпесе бул деген президент корупцияны жойуп жатат же шайлоого карата спектакль экоо тен десемда жанылшпаймын!
+4
Jelezo
2020-02-08 16:34:25
Аз экен деп кармашты көп болгондо(100миң)жабылып кетмек
+3
kamchatka
2020-02-08 18:36:41
Жакшы бир жумада бир коррупциянер кармалып жатат дагы бираз аракет кылсанар кундо бирден кармасанар болот!
+2
marat_1910
2020-02-08 23:18:16
урматтуу админ.паракорлук боюнча же кичине ишти жабуу максатта чон акча талап кылып аткан сотко кимге кайрылабыз
+2
Krai
2020-02-09 08:09:05
marat_1910,
УКмк
0
Munir81
2020-02-09 08:28:35
Кыргыздар кызык эле Элбиз кармасада жакпайт кармабай койсода жакпайт деги эмне жагат бизге
-1
Azatbek.Svoboda.
2020-02-09 10:22:12
Munir81,Алар ачык эле спектакль аткарышып жатпайбы таланты жок актерлор окшото албаса эч кимге жакпайтда!
0
erlanspb
2020-02-09 10:24:16
Кармасада кармабасада жакпайт ар нерсени айтып отура беребиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан