Бишкекте чет элдик жаранга өздөрүн "милиция кызматкерлерибиз" деп тааныштырып, ири суммадагы каражат талап кылгандар кармалды.
3-февралда Түштүк Кореянын жараны укук коргоочуларга кайрылып, милиция кызматкерибиз деген жарандар 8 миң доллар каражат талап кылганын айткан.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"ИИМдин тергөө кызматы тарабынан атайын операция жүргүзүлүп, 7-февралда 2 миң доллар алып жаткан жеринен эки жаран кармалды. Кармалган жарандар Бишкек шаарынын тургундары экени аныкталды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда", - деп жазылат маалыматта.