Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун жакындары эч кимге арыз-доосу жок экенин билдиришти дейт Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери.
"7-февралда саат 17:30 чамасында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз жарандын жансыз денеси Кара-Суу көчөсүндөгү соода борборунун жанында жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барып, маркумдун денесинде көк ала тактар жок экенин аныкташкан.
Кийинчерээк маркум 1963-жылы туулган Ж.Ж. экени аныкталып, жансыз денеси туугандарына өткөрүлүп берилди. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деди маалымат катчы.