Бишкектин 7-кичи районунда жайгашкан медициналык борбордон кардардын сумкасынан акча каражатын уурдаганга шектелгендер кармалды. Алар 23 жаштагы кыздар экенин Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
3-февралда медициналык борборго келген кардардын сумкасынан 27 миң сом каражаты уурдалган. Бул тууралуу жабырлануучу укук коргоо кызматкерлерине билдирген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталган.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинип К.А. жана Ж.Г. аттуу кыздар кармалды. Экөө тең 1996-жылы туулган. Кармалгандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.