Бүгүн, 8-февралда Дэн Сяопин көчөсүндөгү турак үйдүн короосу күйүп жатканы маалымдалган. ӨКМнын маалымат кызматы өрт тууралуу толук маалымат таратты.
"Такталган маалыматка ылайык, саат 17:26 чамасында Сокулук районундагы Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Өрт саат 18:11де чектөөгө алынып, 18:32де толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Өрттүн жакын жайгашкан объекттерге жайылышына жол берилген жок", - дейт маалымат кызматынын өкүлү.