Кара-Балта шаарында 14 жаштагы өспүрүм бассейнге чөгүп кетип каза болду. Маалыматты Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя тууралуу маалымат 8-февралда Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" кызматынан келип түшкөн. Анда Кара-Балта шаарындагы кышкы бассейндердин биринде өспүрүм чөгүп кеткендиги кабарланган.
"Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, өспүрүмдүн чөгүп кеткенин аныкташты. Кийинчерээк маркум 2005-жылы туулган Н.Н. экени белгилүү болду. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Окуянын келип чыгуу себептери такталууда. Тийиштүү экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат", - деп билдиришет маалымат кызматынан.