Бишкекте унааларга техникалык кызмат көрсөтүүчү жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бир адам иске ууланды (сүрөт)

Бишкектеги Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн №242 дарегинде жайгашкан унааларга техникалык кызмат көрсөтүүчү жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлагандай, өрттү толук өчүрүү саат 17:46да мүмкүн болду.

Өрттүн кесепетинен 1994-жылы туулган эркек киши иске ууланып, "Тез жардам" кызматы менен шаардык ооруканага жеткирилген. Абалы канааттандырарлык.

Кырсык тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө бүгүн, 9-февралда саат 14:52де келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тартылып, өрт саат 15:45те чектөөгө алынган. Ишканага жакын жайгашкан объекттерге өрт жайылган жок.

Бишкекте унаа оңдоочу жай өрттөнүп бир адам жабыркады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2020-02-09 19:24:44
Тешик шланг суротко тушуп калыптыр да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан