Лексус-470, Лексус-350... Бишкектеги техникалык тейлөө жайынан чыккан өрттөн 8 унаа күйүп кетти

9-февралда Бишкектеги Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн №242 дарегинде жайгашкан унааларга техникалык кызмат көрсөтүүчү жайдан өрт чыккан. Анын кесепетинен 8 унаа күйүп кетти.

ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, өрттөн улам “Малярка kg” техникалык тейлөө жайынын 630 чарчы метр аянты күйдү. Ишкананын ичиндеги Тойота Виш, Лексус-470, Тойота Цинос, Лексус-350, БМВ-34, БМВ-39, Мерседес-Бенц-124, Фольксваген Гольф-3 үлгүсүндөгү 8 унаа дагы күйүп кетти.

Мындан тышкары, 25 жаштагы эркек адам иске ууланып, ооруканага жеткирилген. Абалы канааттандырарлык. Каза болгондор жок.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 5 бөлүм жана бир штаб тартылган. Мындан сырткары, "Тез жардам" кызматынан 2 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада, ИИМден 39 кызматкер, "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынан 1 суу ташуучу унаа тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 15:45те чектөөгө алынып, саат 17:46да толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Chungyz
2020-02-10 10:44:45
башынан малярка кылыш керек баарын
0
Kuban-1207
2020-02-10 11:16:05
Абайлаш керек болчу
+1
Adi010891
2020-02-10 12:23:29
Малярга жарабай калдыго тууган. Темири жашып калды
0
Sakubek
2020-02-10 15:31:57
Байкуш СТОнун ээсине жаман болуптур. Баарын толойт эми
0
fanatka19
2020-02-10 21:22:26
Эптеп эле акча тушуп турса болду,эч кандай коопсуздук каралбайт.Анан орт чыгат да,жок дегенде ичин жыйнап да коюшпайт тебелеп тепсеп эле иш кыла бергендер бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан