АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы "Долби" театрында беделдүү "Оскар" киносыйлыгын тапшыруу салтанаты орун алууда. Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө мыкты актёр, актрисанын ысымдары айтылды.
"Мыкты актёр" наамына талапкер болгон актёр, музыкант жана продюсер Хоакин Феникс жеңүүчү деп табылды. Ал "Жокер" тасмасындагы ролу үчүн алтын статуэтканын ээси болду. Актёр буга чейин "Оскар" киносыйлыгына үч жолу талапкер болгон.