Саясатчы Бектур Асанов: "Чоң кызматтагылар кармалганы коррупцияга каршы күрөшүү жүрүп жатканынын далили". КҮНСОБОЛ

Өткөн аптанын соңунда пара берүү фактысы боюнча транспорт жана жолдор министринин орун басары менен автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин директору кармалды. Буга чейин 2018-жылы ушул эле министрликтин башчысынын орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

SUPER.KG порталы "Эки жыл аралыгында транспорт министринин эки орун басары пара алууга шектелип кармалды. Бийлик коррупция менен күрөшүүдө негизги кандай кемчилик кетирип жатат?" деген собол салды.

Саясатчы Бектур Асанов коррупцияга каршы күрөшүү иши жакшы жүрүп жатканын билдирди. "Чоң кызматтагылардын кармалганы бийликтин коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканынын далили. Бирок аткаминерлер саясатты түшүнбөй жатат. "Пара ала берсек болот" деп эски психологиядан арыла албай жатышат. Айрымдары коррупцияга каршы күрөшүү тандалма жүрүп жатат деп ойлошууда. Бирок күрөш тандалма жүргөн жок", - дейт Бектур Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан