Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 21 жаштагы аял киши менен 35 жаштагы эркек бири-бирине бычак сайып жиберишкен. Учурда алар райондук ооруканада жатканын Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы билдирет.
Кырсык тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө 7-февраль күнү болжол менен саат 10:00 чамасында "Тез жардам" кызматы тарабынан келип түшкөн. Анда Сузак районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде эркек менен аял киши бири-бирин бычактап, денелеринен жаракат алышкандыгы маалымдалган.
"Сузак РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда эркек менен аял киши бири-бирин бычактап, эс-учун жоготкон абалда жаткандыгы аныкталган. Алар "Тез жардам" менен райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Д.М. мейманканага 21 жаштагы айым менен келген. Ал мейманкананын администраторуна кызды аялым деп тааныштырган.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, эксперт-криминалисттер тарабынан бармак издери жана тиешелүү далил буюмдар алынды. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Ден соолукка оор зыян келтирүү" деп катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Кылмышка шектүү делинген 35 жаштагы жаран дарыгерлердин жана милициянын көзөмөлүндө атайын палатада дарыланууда. Ал эми аял оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деп билдирет маалымат кызматынын өкүлү.