Кыргыз салттуу музыкасын алып жүрүүчүсү, дастанчы Азиз Батыров Ташкентте өткөн эл аралык сынакта жеңүүчү аталды. Сынак тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Кечээ, 9-февраль күнү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында "Артист" деген аталыштагы эл аралык сынак болду. Анда мен алдыңкы 15 катышуучунун катарына кирип, жеңүүчү аталдым. Сынакта бизге 3 ырчы - Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков, өзбек примадоннасы аталган ырчы Озода Нурсаидова жана таланттуу ырчы Самандар Хамракулов калыстык кылышты. Алгач сынакка Каракалпакстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана башка Орто Азия өлкөлөрүнөн 600 чакты өкүлдөр келип катышкан. Тандалып отуруп финалда 15 ырчы калдык. Эми финалчыларды 3 калыс 5тен бөлүп өз карамагына алып, Өзбекстан өлкөсүндө ырларыбызды жайылтып, продюсерлик кылышат экен. Мен Озодбек Назарбековго барсам керек, азырынча так ким кимге бөлүнгөнү чечиле элек", - дейт кубанган Азиз мырза.