Лифтте бычак такап, коркутушкан. Чет өлкөлүк жарандарды тоноого шектелгендер кармалды

Чет өлкөлүк жарандарды тоноо максатында кол салууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"26-январь күнү Бишкек ШИИББине "Чыгыш-5" кичи районунда тоноочулук болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Свердлов РИИБинин кызматкерлери аталган жерге барышканда, саат 16:20 чамасында белгисиз адамдар "Чыгыш-5" кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифтте 3 Пакистандын жарандарына бычак такап, 2500 сом жана Самсунг, Айфон уюлдук телефондорун карактап алышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1998-жылы туулган И.Т. жана 1987-жылы туулган К.С. тоноого шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге эки айга киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ZUXRIDDIN20
2020-02-10 20:01:40
Камаш керек
+1
chake
2020-02-10 20:12:18
Бандиттин бирөөсү кызго, оңой оокат аш болбойт оз мээнетинер менен эле акча таап иштебейсинерби
+2
Aroiz
2020-02-10 20:16:55
Чет элдиктерди тоноп эмне кылышат булар,мээнет кылып иштебейсиңерби андан көрө.
+1
bond02
2020-02-10 21:21:26
Экооно акча жетпей калган окшойт, кыз улуу окшойт э.
0
Asula
2020-02-11 12:49:13
Булар экоо тен кирип чыгып конгон немелер. Булардан болок канча адамды отургузган.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан