Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы 40 мектепте ата-энесиз, атасы же энеси жок жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 310 баласы окуп, билим алат. Жардамга муктаж болуп жаткан 310 балага "Исмаил Матраимов" фонду стипендия берди. Өткөн дем алыш күндөрү Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Жети-Өгүзгө барып, 310 балага жана алардын жакындарына жолукту.
"Жаӊы жылдын алдында жардамга муктаж окуучуларга стипендия берүү сунушу менен "Исмаил Матраимов" фондуна "Дүйшөн ата" фонду тарабынан сунуш келип түшкөн. Биз сунушту карап чыгып, алардын демилгесин колдоп берүүгө макул болдук. Өткөн дем алыш күнү Жети-Өгүздөгү мектептерден чогулган 310 окуучуга стипендия тапшырып кайттым. Көӊүл бурууга муктаж балдардын көз жашын сүртүп, бооруна кысып, мээрим төгүп, алардын маселесин көтөрүп, биздин фондго сунуш кылган "Дүйшөн ата" фондунун жетекчисине ыраазычылык билдирем.
"Исмаил Матраимов" фонду буга чейин да билим берүү жаатындагы бир катар долбоорлорго колдоо көрсөтүп келген. Билимге умтулуп, бирок материалдык мүмкүнчүлүктөрү жок үй-бүлөнүн балдарына камкордук кылып, жогорку окуу жайлардагы келишимдик негиздеги төлөмдөрүн каржылайт. Биздин фонддун каржылоосу менен билим алган балдар – адистикке ээ болуп, алды башкаларга кайрымдуулук кылып, элге пайдасы тийип калган деӊгээлге жетти. Кыйналып жаткан баланы балапан кезинде башынан сылап, анын жашоосуна жол көрсөтүп, аз болсо да шык берсеӊ – ал өспүрүм жаман адам болуп чыкпайт деген ишенимдемин", - деди эл өкүлү Искендер Матраимов.
Жолугушуу учурунда "Дүйшөн ата" фондунун директору буга чейин жардамга муктаж балдарга каражат издеп далай эшикти какканына токтолду.
"Бул кишинин адамгерчилиги үчүн район элинин атынан рахмат айтам. Азыр эч кимдин эч ким менен иши жок заман болуп калды, бирок бул киши биздин көйгөйлөрдү укканда кайдыгер карабай, колун сунду. Миллион сомду эмес, жөн эле жардамды уялаш бир туугандар да бири-бирине бербей калган заманда жашап жатканда мындай адамдардын бар экендиги кубандырат", - деди "Дүйшөн ата" фондунун директору.