Санкт-Петербургда бүгүн, 11-февралда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен Кыргыз жараны жаракат алганын орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн эртең менен катталган. Анда ГАЗель Next кичи автобусу токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кичи автобустун айдоочусу 1962-жылы тулган Кыргыз жараны экени айтылды. Кырсыктын кесепетинен айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилди.
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги маалыматты ырастап, Санкт-Петербургдагы консулдук кырсык тууралуу маалыматтарды тактап жатканын билдирди.