"Досторун тамашага салам деген". Бишкектеги тургундун үйүнөн "бомба" табылды

Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн колго жасалган жардыргычтын муляжы табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 9-февраль күнү эртең менен саат 07:45 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө шаардагы батирлердин биринде ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда мас абалындагы Р.У (батир ээси) менен Б.Ч аттуу жарандын ортосунда уруш чыкканы маалым болгон.

Батирди тинтүү учурунда ал жактан колго жасалган жардыргычтын муляжы табылган. Р.У муляжды досторун тамашага салуу үчүн жасаганын айткан.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК жарандарга мындай бейбаштыктын кесепеттери олуттуу экенин билдирип, террорчулук актысы тууралуу жалган маалымат тараткан жарандар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tular
2020-02-11 23:53:13
Оюундан от чыккан экенда.
+1
kechirmeni
2020-02-12 09:21:59
Оюндан от чыгат осурактан б.к чыгат болуптур да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан