Бишкекте айдоочу жол кырсыгына кабылды

Бишкектин 12-кичи районунда унаа оодарылып кетти. Кырсык бүгүн, 11-февралда саат 15:30 чамасында Түштүк магистраль көчөсүндө катталды.

Патрулдук милициянын маалымат кызматынан кырсык болгонун ырастап, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

"Түштүк магистраль көчөсү менен батыш тарапты көздөй бара жаткан айдоочу рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен унаа жолдун четиндеги бактарды, электр мамысын сүзгөн. Субару Легаси үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1990-жылы туулган К.Я. экени аныкталды. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок, айдоочу жеңил жаракат алды", - деди басма сөз катчы.

Бишкекте айдоочу кырсыкка кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
al-abu-kinesz
2020-02-11 17:45:37
Ошол жерде мен да бир эликтин айынан ГАИге штраф тологом.
+1
murat17
2020-02-11 20:42:27
тооба кунуно жок дегенде 2 жол кырсыгын окуйсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан