Оор жүк ташуучу жана жеңил автоунаалардын аккумулятор, магнитофондорун уурдап жүргөн деген шек менен балдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Балдардын тобу оор жүк ташуучу унаалардын жана жеңил автоунаалардын аккумулятор, магнитофонун уурдап жүргөн деген шек менен кармалды. Чүй облусуна караштуу Москва РИИБине уурдоо фактысы боюнча 4 жабырлануучудан арыз келип түшкөн. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда жабырлануучулар канча чыгымга дуушар болгону такталууда.
Иликтөөнүн жыйынтыгында 4 кылмышка шектелип ошол аймактын тургундары болгон 21 жаштагы О.Т. жана С.Ж., 22 жаштагы Ж.А. кармалды. Шектүүлөргө карата сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.