Жаштар арасындагы Азия оюндарында кыргызстандык таэквондочу Искендер Осмонов коло медалга ээ болду
Кытайдын Нанкин шаарында өтүп жаткан жаштар
арасындагы Азия оюндарында Кыргызстанга алгачкы медалды таэквондочу Искендер
Осмонов алып келди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Осмонов таиланддык
спортчу Рамнаронг Савикшахар менен мелдешке чыгып, 19:6 эсебинде утулуп
калып, коло медалга ээ болду.