Голливуд жылдызы Памела Андерсон менен 2 жумага жетпеген убакыт чогуу жашап, ажырашып кеткен мурунку жолдошу Жон Питерс актрисанын эл билбеген сырларын ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кинопродюсер Жон Питерстин айтымында, актриса өзү ага байланышып, баш кошуу тууралуу сунуш киргизген. Ал кезде продюсер башка айым менен үйлөнүү тууралуу убадалашып койгонуна карабай, Памелага үйлөнүү анын кыялы болгондуктан макулдугун билдирген. Актрисага алданып калганына капаланган продюсер: "Мен Пэм үчүн баарын таштадым. Анын 200 миң долларга жакын карызы бар экен, аны төлөп бердим. Мына эми ыраазычылык ордуна эмне алдым. Карыган акмак десе", - деп өзүнүн жоругун сындаган. Ошондой эле ал актрисанын гардеробун толугу менен жаңыртып бергенин кошумчалаган.
Эске салсак, америкалык актриса Памела Андерсон кинопродюсер Жон Питерс менен баш кошкон соң 12 күн гана жашап, нике кагазын алганча ажырашууга үлгүргөн.