Депутат Карамат Орозова: "Вице-премьер кызматына генералдарды коюу керек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 11-февралда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков берген арызынын негизинде кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Разаков эки жылдан бери бул кызматты аркалап келген. Ал чек ара маселеси боюнча иш алып барчу.

SUPER.KG порталы "Чек ара маселелери боюнча иш алып барган вице-премьер кызматтан бошотулду. Бул ишти ким татыктуу аркалайт деп ойлойсуз?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова вице-премьер-министр кызматына генералдарды коюу керектигин белгиледи.

"Бул кызматка Баткендин чек арасын жакшы билген адам керек. Баткенде иштеген адамдар келсе жакшы болмок. Вице-премьерликке аскер кызматындагылар ылайык келет. Ошондуктан мүмкүн болсо генералдарды коюу керек. Коопсуздукту камсыздаганга коопсуздук органдарда иштегендер болушу шарт. Себеби кошуна мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзгөндө генералдын деңгээлинде иш жүргүзүүгө туура келет. Бизде генералдар көп, ошолордун арасынан бирин бул кызматка алып келүү зарыл. Баткенде иштеп келген генералдар Асанбек Алымкожоев, Бакыт Алымбеков, Курсан Асанов, Шейшенбек Байзаков, анан албетте Улукбек Кочкоров абдан татыкту" , - дейт Орозова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан