Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоган менен IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу сүйлөштү

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Бүгүн, 11-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелерди өнүктүрүү боюнча үстүбүздөгү жылга карата биргелешкен пландарды белгилешти. Телефондук сүйлөшүүдө Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайип Эрдоган ушул жылы Түркияда боло турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча даярдык маселелерин талкуулашты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан