Чыгармачылыгын токтотууну чечкен британиялык ырчы Адель "Оскар" сыйлыгынан кийинки Бейонсе жана Jay-Z уюштурган кечеде жаңы формада чыкты. Польшалык телеалпаруучу Кинга Русин ырчы менен түшкөн сүрөтүн Инстаграм баракчасына жүктөп, Аделди тааныбай калганын айткан.
"Чынын айтсам, мен аны тааныган жокмун. Ал үтүргө окшоп, арык болуп кетиптир" деп жазган телеалпаруучу.
"Radar Online" басылмасынын берген маалыматына ылайык, ырчы 45 килограммга жакын арыктаган.
Эске салсак, Адель 2011-жылы Саймон Конекки аттуу жеке ишкерге турмушка чыгып, 2012-жылы Анжело Жеймс Конекки аттуу уулдуу болушкан. Ырчынын үлпөт тою 2017-жылы Лос-Анжелесте жашыруун өткөн. 2019-жылы түгөйлөр ажырашканы белгилүү болгон.