Бүгүн, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин алдындагы өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдиргендей, комитет 2018-жылдын декабрында президенттин жарлыгы менен түзүлгөн.
Комитеттин 2019-жылдын 24-июнунда өткөн биринчи жыйынында ата мекендик экономиканы, өзгөчө жеңил жана тамак-аш өнөр жайларын өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү маселелери каралган. Биринчи жыйындын жыйынтыгы боюнча:
Өнөр жайын өнүктүрүүнүн учурдагы абалын талдоо жыйынтыктары жана келечеги;
Жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнүн келечеги;
Айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар жана келечеги тууралуу сунуштар берилген.
Бүгүн жогоруда аталган маселелер бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен талкууланат.