Бүгүн, 12-февралда Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында унаа күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Такталган маалымат боюнча, окуя Новопавловка айылынын Киров жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал жерде токтоп турган унаа күйүп жатканы тууралуу кабар түшкөн. Жерине барган ӨКМнын кызматкерлери чыккан өрттү саат 08:33тө толук өчүргөн.
Окуядан жабыркагандар болгон эмес.