Депутат Иса Өмүркулов бүгүн көпчүлүк коалициянын жыйыны өтө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жыйын саат 11:00дө өтөт. "Өкмөттүн сунушу бар эле, ошону карайбыз" деди ал.
11-февралда вице-премьер Жеңиш Разаков берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Разаков эки жылдан бери бул кызматты аркалап келген. Ал чек ара маселеси боюнча иш алып барган.