Вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги сунуштала турганы айтылды

Вице-премьер-министрлик кызматына Акрам Мадумаровдун талапкерлиги сунуштала турганы айтылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Бүгүн, 12-февралда саат 11:00дө көпчүлүк коалициянын жыйыны өтөт. 11-февралда вице-премьер Жеңиш Разаков берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Разаков эки жылдан бери бул кызматты аркалап келген. Ал чек ара маселеси боюнча иш алып барган.

Акрам Мадумаров учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан