Улуттук кеңештин алдындагы өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 12-февралда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйыны президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтүп жатат.

Анда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жыйында үч маселе карала турганын билдирип өттү.

"Бүгүн биз Улуттук кеңештин алдындагы өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынын өткөрүп жатабыз. Менин жарлыгыма ылайык комитеттин төрагасынын орун басары болуп вице-премьер Эркин Асрандиев бекитилди. Мурун бул орунда Кубатбек Боронов эле. Бүгүн күн тартибине үч маселе коюлду.

Биринчи инвестицияларды коргоо жана ишкердиктин субъектилеринин укугун камсыздоонун абалы жөнүндө;

Экинчи маселе экономикалык кылмыштарды деталдаштыруунун укуктук аспектилери жөнүндө;

Ишкердикти коргоо тармагында мыйзамдардын укук коргоо органдары тарабынан аткарылышы тууралуу маселелер каралуу алдында турат", - деди Жээнбеков.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн бизнес-коомдун өкүлдөрү катышып жатат. Комитеттин жыйынынын жыйынтыгында ишкердикти жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртууга жана өлкөнүн инвестициялык дараметин жогорулатууга багытталган чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө.

Президент дагы ачууланды: “Чөнтөк толтуруп жатасыңар, жыйынтык көрсөтпөйсүңөрбү!”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан