Депутат жалган маалымат тараткандарга карата жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады

"8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районунда болгон окуя баарыбызга маалым" деп бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдумажит Юсуров билдирди.

Ал этникалык дунгандардын атынан президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди. Ошону менен катар эле бул окуяны жеке көзөмөлүнө алганы үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылыгын айтты.

"Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Казакстандын көпчүлүк жараны үйлөрүнө кайтып жатышат. Биз Кыргыз мамлекетинин эли тынчтыкты, стабилдүүлүктү сакташыбыз керек. Мындай окуя болгон учурда социалдык тармактарда чагымчыл, жалган маалыматтар таркап жатат. Социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга карата жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү сунуштайм", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан