Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карап жатат

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карап жатат.

Баяндаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасап жатат. "Вице-премьерликке мамлекеттик кызматкерди алып келип жатабыз. Акрам Мадумаров Кыргыз-Тажик чек ара маселесин жакшы билет", - дейт ал.

11-февралда вице-премьер Жеңиш Разаков берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Разаков эки жылдан бери бул кызматты аркалап келген. Ал чек ара маселеси боюнча иш алып барган.

Акрам Мадумаров учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан