Кадр кызматынын директору, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү, эми вице-премьерлик... Акрам Мадумаровдун өмүр баяны

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карап жатат.

1977-жылы 29-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз агрардык университетин ветеринар адистиги боюнча аяктаган, биология илимдеринин кандидаты. 2012-жылы эл аралык мамилелер багытында жогорку билим алган.

1995-2005-жылдары Кыргыз агрардык университети, ассистент, улук окутуучу;

2006-2008-жылдары президент иш башкармалыгы, өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмү, референт;

2008-2009-жылдары президенттин Түштүк резиденциясы, президенттин иш башкармалыгы, директордун орун басары;

2009-2013-жылдары президенттин иш башкармалыгы, протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмү, бөлүм башчы;

2013-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы, акимдин милдетин аткаруучу;

2017-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары;

2017-2019-жылдары Мамлекеттик кадр кызматынын директору;

2019-жылдын апрель айынан тартып өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан