Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районунда 81 жаштагы аял иске ууланып каза болду. Кырсык тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө 11-февралда саат 13:26да келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, аталган даректеги үйлөрдүн биринин уктоочу бөлмөсү күйгөнүн аныкташкан. Бөлмөнүн ичиндеги электр жылыткычы жана сыналгы күйгөн. Өрттүн кесепетинен үйдүн ээси 1938-жылы туулган аял иске ууланып каза болгон.
Өрттүн себеби - тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу", - деди ӨКМнын басма сөз катчысы.