Жогорку Кеңештин комитетинде вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги жабык эшик артында каралууда

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде вице-премьер-министр кызматына Акрам Мадумаровдун талапкерлиги жабык эшик артында каралууда. Буга чейин анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы жактырган.

11-февралда вице-премьер Жеңиш Разаков берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Разаков эки жылдан бери бул кызматты аркалап келген. Ал чек ара маселеси боюнча иш алып барган. Акрам Мадумаров учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан