Бишкекте телефон уурдаганга шектелип, 21 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте гүл саткан дүкөндөн телефон уурдаган деген шек менен 21 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-февраль күнү Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан гүл саткан дүкөндө болжол менен саат 19:35 чамасында белгисиз кыз Samsung үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу көп өтпөй шектүү катары 1999-жылы туулган А.А. аттуу кызды кармашкан.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Гүл саткан дүкөндөн телефон уурдаган кыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baatirbek81
2020-02-12 13:11:58
Мотурайган ананайын десе эмитеден уурулук кылсаң кийин эмненин ичинен чыгасың!
+4
gitaris93
2020-02-12 13:30:27
Baatirbek81,түрмөнүн ичинен чыгат го
-1
bond02
2020-02-12 14:36:44
Телефонду албай жанындагы кайчыны албайт белен.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан