Экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбош керек. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйыны учурунда президент Сооронбай Жээнбеков айтты.
"Башкы прокуратурага тиешелүү мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизип, кылмыштуулуктун алдын алуу механизмдерин өнүктүрүү тапшырылат. Экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбой экономикалык механизмдерди колдонуп, чыгымдарды калыбына келтирүү менен жоопкерчиликке тартуу жолдорун колдонуу керек. Менимче, мындан мамлекет да, жаран да зыян көрбөйт", - деди президент.