КҮНСОБОЛ: Президент экономикалык кылмыштар үчүн сөзсүз эле камоо керек эмес деди. Келтирген зыянын ордуна келтирүү жетиштүү жазабы? Ормонов: "Келтирген зыянды ордуна келтирүүнү биринчи кезекке коюу керек"

Бүгүн, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынын өткөрдү. Анда мамлекеттик башчы экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбош керектигин айтты. Ал экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбой экономикалык механизмдерди колдонуп, чыгымдарды калыбына келтирүү менен жоопкерчиликке тартуу жолдорун колдонуу зарылдыгын билдирди.

SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык кылмыштар үчүн сөзсүз эле камоо керек эмес деди. Келтирген зыянын ордуна келтирүү жетиштүү жазабы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов келтирген зыянды ордуна келтирүүнү биринчи кезекке коюу керектигин айтты.

"Кылмыштын түрлөрү бар. Бири документке туура эмес кол койгондуктан болсо, айрымдары атайлап кылган кылмыштар болот. Кылмыштын суммасына жараша жазасын тартышы шарт. Президенттин сөзү туура. Буларды камап, кайра бага берген туура эмес, келтирген зыянды төлөтүүнү биринчи кезекке коюу зарыл", - дейт Ормонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан