Бүгүн, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынын өткөрдү. Анда мамлекеттик башчы экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбош керектигин айтты. Ал экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбой экономикалык механизмдерди колдонуп, чыгымдарды калыбына келтирүү менен жоопкерчиликке тартуу жолдорун колдонуу зарылдыгын билдирди.
SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык кылмыштар үчүн сөзсүз эле камоо керек эмес деди. Келтирген зыянын ордуна келтирүү жетиштүү жазабы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов экономикалык кылмыштар үчүн келтирген зыяндан тышкары айып пул салуу керектигин белгиледи.
"Бюджеттин акчасын жеп койсо кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл. Аларды камагандын ордуна ошол суммага кошумча айып пул салуу шарт. Президент ишкерлерди айтып жатат. Ишкерлерге айып пул салуу менен жазалоо керек. Бул багыт туура", - дейт Гайпкулов.