Жогорку Кеңеште вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралууда

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңеште вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралууда. Анын талапкерлиги боюнча баяндаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасап жатат.

"Акрам Мадумаров Баткен облусундагы чек ара маселесин жакшы билет. Иш тажрыйбасын, баскан жолун баалап, бул кызматка татыктуу иштеп берет деп ишенебиз", - дейт ал.

Буга чейин Мадумаровдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы, тийиштүү комитети жактырган.

11-февралда вице-премьер Жеңиш Разаков берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Разаков эки жылдан бери бул кызматты аркалап келген. Ал чек ара маселеси боюнча иш алып барган. Акрам Мадумаров учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан