Бүгүн, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынын өткөрдү. Анда мамлекеттик башчы экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбош керектигин айтты. Ал экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбой экономикалык механизмдерди колдонуп, чыгымдарды калыбына келтирүү менен жоопкерчиликке тартуу жолдорун колдонуу зарылдыгын билдирди.
SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык кылмыштар үчүн сөзсүз эле камоо керек эмес деди. Келтирген зыянын ордуна келтирүү жетиштүү жазабы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов президенттин айтканын колдой турганын белгиледи. "Экономикалык кылмыш жасагандарды дароо алып барып камап койгон туура эмес. Аларды мамлекет багып жатат. Бул билинбегени менен бюджетке чоң зыян келтирет. Президенттин демилгеси келтирген зыянды төлөтүү болуп жатат. Бул нерсени колдойм. Келтирген зыяндан 2-3 эсе көп каражат төлөтүп, коё берүү керек. Бизде камап коёт да ал үч ай өткөндөн кийин келтирген зыянды төлөбөйт. Бул бюджетке зыянын тийгизет", - дейт Нышанов.