Депутат Айсулуу Мамашова: "Экономикалык кылмыш жасагандар бир канча убакытка чейин мамлекеттик жумуштан четтетилиши керек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынын өткөрдү. Анда мамлекеттик башчы экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбош керектигин айтты. Ал экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбой экономикалык механизмдерди колдонуп, чыгымдарды калыбына келтирүү менен жоопкерчиликке тартуу жолдорун колдонуу зарылдыгын билдирди.

SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык кылмыштар үчүн сөзсүз эле камоо керек эмес деди. Келтирген зыянын ордуна келтирүү жетиштүү жазабы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова экономикалык кылмыш жасагандар бир канча убакытка чейин мамлекеттик жумуштан четтетилиши керектигин белгиледи.

"Зыянды ордуна келтирүү зарыл. Ошондой эле ал бир канча убакытка чейин аларды жумуштан четтетүү керек. Бул башкаларга үлгү болушу шарт. Коррупцияга малынган киши болсо биринчи орунда акчаны төлөп бериши керек. 3-5 жылга чейин мамлекеттик жумуштан чектелиши зарыл. Ал өзүнүн катасын кабыл алыш үчүн түрмөгө отурбаса дагы катуу чара болушу керек", - дейт Мамашова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан