Депутат Момбеков: "Акрам Мадумаров мугалимдерге кандай кыйкырса, мага да ошондой кыйкырсын деп галстук тагынбай келдим"

"Акрам Мадумаров мугалимдерге кандай кыйкырса, мага да ошондой кыйкырсын деп галстук тагынбай келдим", - деп бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

"Мухаммедкалый Дүйшекеевич, мунуңуз мугалимдерге кандай кыйкырса мага да ошондой кыйкырсын деп галстук тагынбай келдим. Мага анчалык кыйкыра албайт болушу керек. Сиз апендинин кызындай мактаган Жеңиш Разаков 4 жыл губернатор, 4 жыл вице-премьер-министр болду. Бирок 4 метр жерди да чече албай кетти. Кетип жатып жөн кетпей президентти, сизди баш кылып минтип айтты "Үй-бүлөдөгү маселелерди калыбына келтирүү керек, ошондуктан арыз жаздым. Чек ара меселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бул кыйын маселе болгондуктан, эл менен да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Менин оюмча, чек араны чечүү маселеси көп жылдарга уланат" деп чекит коюп кетти. Сиз дагы бир Баткендин губернаторун алып келдиңиз, анда Баткендин губернаторуна вице-премьер-министр деген макам берип коёлу. Мунуңуздан башка талапкер жок беле? Улукбек Кочкоровго окшогондор бар болчу. Бул мал доктур экен го, ара жолдо аксап калып уят болуп калбайсызбы деп өтүнүчтү эмес, өкүнүчтү айтып жатам", - дейт Момбеков.

Учурда Жогорку Кеңеште вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан