Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев вице-премьер-министр кызматына сунушталып жаткан Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдой турганын айтты.
"Талапкерди колдойм. Бул тармак өтө татаал, кандай чечим кабыл алсаңыз да сындагандар көп болот. Ошондуктан адилеттүү түрдө Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргошуңуз керек. Эмоцияга берилип, анча-мынча нерсеге көңүл бурбаңыз", - деди депутат.