ИИМ: "Улуттар аралык кылмыштуу топ кармалды"

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан улуттар аралык кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жалпы суммасы 253 миң 500 доллар турган тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо менен Латвия Республикасынан Афганистан Республикасына өткөрүүгө аракет кылган факты аныкталды.

"Шектүү катары Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери 1982-жылы туулган М.Б. кармалган. 30-январь күнү жалпы суммасы 200 миң 200 доллар турган тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине ортомчулар аркылуу 65 миң долларын накталай берүү учурунда Орусия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандарынан турган 1978-жылы туулган К.Д., 1972-жылы туулган Н.К., 1986-жылы туулган Ж.Н., 1974-жылы туулган Т.Н. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кайра жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын 5-февраль күнү Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо үчүн ортомчулар аркылуу 75 миң доллар берүү учурунда Беларусия Республикасынын жараны С.Ю. аттуу жаран кармалып, аны дагы камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында улуттар аралык кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан