20 тонна алма, 25 тонна буудай. Кыргыз-Казак чек арасында мыйзамсыз ташыган товарлар аныкталды

Мамлекеттик Кыргыз-Казак чек арасынан 25 тонна буудай, 20 тонна алма, 20 тонна кесек порошогун мыйзамсыз ташып кирүүгө аракет кылган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

"Мамлекеттик Кыргыз-Казак чек арасындагы “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө пунктунан 590 миң сом суммасында авиажабдык, 20 тонна алма, 25 тонна буудай алып бара жаткан унаалар кармалган. “Чоң-капка” көзөмөл-өткөрмө пунктунан 20 тонна кесек порошогун (абразивный порошок), 1 тонна капустаны алып өтүүгө аракет жасашкан. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон. Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-02-13 07:14:06
жукторун алып карылар жетим жесирлер уйуно тапшырыш керек экен бир жыргасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан