Сокулук районунда контейнерден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

12-февраль күнү Сокулук районундагы Селекционное айылынын Селекционное көчөсүндөгү контейнерден өрт чыгып, толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 12-февраль күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекционное айылынын Селекционное көчөсүндө жайгашкан контейнерден чыккан өрт саат 15:06да толук өчүрүлгөн. Окуя болгон жерге тартылган өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинин натыйжасында контейнерге жакын жайгашкан турак жайларга жана башка объектилерге өрттүн өтүп кетишине жол берилген жок", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан