Бишкекте күйүүчү май сакталган жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 12-февраль күнү Биринчи Май районунун Жибек Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан күйүүчү май сакталган жайдан жана жакын жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 20:41де жалпы 7 бөлүм, Штаб жана ККББнын КБП унаасы менен ыкчам топ саат 21:20да Кыргыз Республикасынын ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары, ИИМ, "Тез жардам" кызматкерлери тиешелүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылган маалыматта.