12-февралда Бишкек шаарынын Жибек Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа майын сактоочу кампадан жана жанаша жайгашкан турак үйлөрдөн чыккан өрт 23:28де чектөөгө алынган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Өрттүн келип чыгуу себеби жана аянты такталууда. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.