Депутат өкмөт спортчуларды эл аралык мелдештерге үзгүлтүксүз катышуусуна шарттарды түзүп бериши керектигин айтты

Депутат Таалайбек Масабиров өкмөт спортчуларды эл аралык мелдештерге үзгүлтүксүз катышуусуна шарттарды түзүп бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Быйыл Японияда жайкы олимпиада өтөт. Ага карата кыргыз спортчулары катуу даярдыктарды көрүүдө. Бирок алар ушу тапта каржылык жактан кыйналып, лицензиялык ири мелдештерге бара албай турушат. Кыргыз спортчулары жайкы олимпиадага катышуу үчүн жок дегенде 21 лицензия алууну максат кылган, азырынча 5 лицензия алынды. Өлкөнүн намысын эл аралык деңгээлде коргой турган жаштарыбыздын чет өлкөлөрдө өтүп жаткан лицензиялык мелдештерге катыша албай жатышы өтө өкүнүчтүү. Өкмөт тезинен каржы таап, спортчуларды эл аралык мелдештерге үзгүлтүксүз катышуусуна шарттарды түзүп бериши керек", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан