Депутат: "Жылдан-жылга өз жанын кыйган балдардын саны көбөйүүдө. Өкмөт бул боюнча комплекстүү чараларды көрүшү керек"

"Жылдан-жылга өз жанын кыйган балдардын саны көбөйүүдө. Өкмөт бул боюнча комплекстүү чараларды көрүшү керек", - деп бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев билдирди.

"Ушул жылдын 11-февралында Сокулук районундагы мектептердин биринде окуучунун өз жанын кыйышына байланыштуу өтө кайгылуу трагедия катталды. Тилекке каршы, жаш балдардын мындай өлүмү жылдан-жылга көбөйүп барат. Мисалы, өткөн жылы 46 бала, анын ичинде 26 кыз, 20 эркек бала өз жанын кыйган. Алардын басымдуу бөлүгү толук эмес же ата-энеси чет өлкөлөрдө жүргөн бүлөлөрдө болуп жатканы белгилүү болду. Өкмөт бул багытта жалпы коомчулук, атайын адистер менен бирге мамлекеттик деңгээлдеги комплекстүү чараларды көрүшү зарыл", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан