Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2019-жылы 6-майда 15 жаштагы кыз көз жарган. Бул окуяга кыздын кошунасы шектелип, тергөө иштери жүрүп жаткан. 2019-жылдын 17-августунда Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен бул кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмыш иши эки тараптын элдешүүсүнөн улам кыскартылган.
Ал эми Жети-Өгүз райондук үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү кыз учурда кечки окуу классында билим алып жатканын, наристени жеңеси камкордукка алып, бирге багып жатканын билдирди.
Окуянын чоо-жайы:
Окуя Жети-Өгүз районунда катталган. 15 жаштагы кыз 6-майда Каракол шаарындагы төрөт үйүндө эркек бала төрөгөн. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Алдын ала маалыматтар боюнча кыздын ата-энеси да анын кош бойлуу экенин билишкен. Ошондой эле алар тарабынан арыз келип түшкөн эмес. Кыздын апасы класс жетекчиге кызынын буту сынып, Бишкек шаарында дарыланып жатканын айтып, дарыгерден алынган маалым катты алып барып берген. Кыз мектепке 7 айлык кош бойлуу болгонуна чейин келип жүргөн. Анын дене-мүчөсү толмочураак болгондуктан эч ким байкаган эмес. Бул окуяга шектелип, кыздын 20 жаштагы кошунасы сурак берип жаткан.